Кыргызстандын Катардагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Муниципалитет жана айлана-чѳйрѳ министринин орун басары Шейх Фалех бин Насер Аль-Тани менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Жолугушууда Нуран Ниязалиев Катар рыногуна кыргыз продукцияларын экспорттоо мүнкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле 2019-жылдын 19-22-мартында Доха шаарында өткөрүүгө пландаштырылган эл аралык айыл чарба «АГРИТЕК- 2019» көргөзмөгө катышууга Кыргызстандын кызыкдар экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Шейх Фалех бин Насер Аль-Тани буга чейинки көргөзмөгө кыргыз компаниялары активдүү катышканын айтып, аталган иш чарада Кыргызсандын өкүлдөрүнө керектүү колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.