Өлкөдө жарым жыл аралыгында 3000 салык төлөөчү электрондук патент алуу кызматынан пайдаланган. Бул тууралуу Салык кызматынын коллегиялдык жыйынында маалымдашты.
2019-жылдын 1-январына карата алынган маалымат боюнча 3082 ишкер электрондук патент алышкан.
Эске салсак, 1-октябрдан баштап аймактарда электрондук патент алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында пилоттук режимде 1-июлда башталган. Аталган шаарларда электрондук патент алуу кызматы расмий түрдө 1-августан башталган болчу.