Биз менен байланышыңыз

Бузуулар жөнүндө жаңы кодекс салык төлөөчүлөргө жеңилдиктерди камсыздайт

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 1312 | 0

2019-жылдын 1-январынан тартып Бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө кирди жана аны менен катар Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс күчүн жоготту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мурдагы колдонулган Кодекстен айырмаланып жаңы Кодексте өндүрүү чараларынын негизги түрлөрүнүн тизмеси 2ден 14кө чейин  кыскартылган.

Ошондой эле Бузуулар жөнүндө кодексинде протоколдорду тариздөө жана карап чыгуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөн.

Алсак, эгерде жак бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны талашып-тартышпаган учурда, салык органынын кызмат адамы ага карата бузуулар орун алган жерде өз алдынча жаза колдоно алат. Ошол эле учурда, бир эле адам тарабынан Кодексте каралган бир же бар нече жосундар жасалган учурда, ар бир бузуу үчүн өзүнчө жаза колдонулат.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык болгон салык карызынын өлчөмүндө айып белгиленип келген болсо, учурдагы Кодекстин дагы бир өзгөчөлүгү айыптардын дифференциациясын четтетүү болуп саналат.

Ыктыярдуу төлөө үчүн каралган бир ай убакыттын ичинде айып төлөнбөгөн учурда, туум эсептелинет.

Кодекске ылайык соттордо кароо жол-жобосу да жөнөкөйлөтүлгөн. Алсак, бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан, райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.

Даттанууларды кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM