Биз менен байланышыңыз

Террордук чабуул коюуга жашыруун топторду уюштурган жаран кармалды

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 543 | 0

2019-жылдын 5-февралында Улуттук коопсуздук кызматынын террордук иштердин алдын алуу иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад  шаарында Кыргызстанда террордук чабуул коюу үчүн жашыруун топторду уюштуруп жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

1989-жылы туулган А.Р.Б. аттуу  жаран өз өлкөсүндө оор жана өзгөчө оор кылмыш жасап изделүүдө жүргөн. Кылмышка шектүү Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирип, террордук ячейкаларды түзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратууга аракет кылган.

Иликтөө учурунда кармалган жарандын жардыруучу заттарды жасоо боюнча атайын курстан өткөндүгү жана шаарларда, тоолуу шарттарда салгылашуунун тактикасы боюнча үйрөтүлгөндүгү аныкталган.

Учурда кармалган жарандын кимдер менен байланышы бар экендиги аныкталып, өз өлкөсүнө тиешелүү тартипте өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү иштери жүрүүдө.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM