Биз менен байланышыңыз

Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 456 | 0

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын ноябрь айында шектүү жаран Чүй облусунун жашоочусунун (аял киши) ишенимине алдоо жолу менен кирип, ири суммадагы акча каражатын алып изин жашырып качып кеткен. Чала тааныш адам жабырлануучудан кыймылсыз мүлк боюнча көйгөйлөрүн чечип берем деп ири суммадагы акча каражатын алып жүргөн. Жыйынтыгында шектүү жалпы суммасы 1000 АКШ доллары менен 92 миң сом акча каражатын алган. Жабырлануучу алдамчынын курмандыгы болгондугун түшүнгөндөн кийин гана ушул жылдын январь айынын аягында ИИМге кайрылган.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБи тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки иликтөө башталган.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган Б.Р. аттуу жараны кармалган.
Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда  турат.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM