Биз менен байланышыңыз

Франция-Италия мамилеси бузулду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 681 | 0

Франция өкмөтү өзүнүн Италиядагы элчисин артка чакыртып алды. Париж мындай кадамына соңку кездери Италия бийлиги тараптан жааган куру дооматтар жана негизсиз ички ишне аралашуулар себеп болгонун белгиледи.

Мындай чечим 5-февраль күнү Италиянын вице-премьер-министри Луиджи ди Майо Франциядагы «сары желекчен» митингчилери менен жолугуп, аларды колдоорун айтып, дем берген соң кабыл алынды.

Ал эми январдын башында эле Италиянын өкмөт башчысы Францияны  Африканын ондогон өлкөсүн дагы деле талап-тоноп жатканын айтып, күнөөлөп чыккан. Кийин Италиядан качкан 14 террористти Франция коргоп, жашырып жатат деп айыптаган. Франциянын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу өлкөдөгү Италиянын элчисин  чакырып, эскертүү берген болчу.

Эске салсак, Париж-Рим конфликттери Италиянын Маттео Сальвини баштаган ашкере оңчул партиясы бийликке келгенден тарта башталды. Алар Эммануэл Макрондун демократиялык башкаруусун ачык эле жактырышпай,  анын кетүүсүн каалаган чакырыктарды таштап келишет. Сальвини өкмөтү мигранттарды кабыл албай, өлкөдөгү мусулман коомчулугуна ар түрдүү кысымдарды көрсөткөнү менен Евробиримдик ичинде нааразылыктарга дуушар болууда.  Элчи чакырып алуу иши биримдиктеги мамлекеттердин ортосунда өтө сейрек болот. Франция менен Италиянын арасындагы азыркыдай кагылыштар Экинчи дүйнөлүк согуштан бери алгачкы ирет орун алууда.

Copyright © 2017 Maral FM