Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 639 | 0

Бүгүн, 13-мартта Кожогар аймагында Баткен районунун Аксай айылынын жашоочулары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочуларнын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Конфликтин келип чыгуу себеби катары Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушу болгон. Чыр чатактын жүрүшүндө Тажикстан тараптан 70ке жакын адам, Кыргызстан тараптан 50дөй адамдын ортосунда таш атышуу болгон.

Окуя болгон жерге кыргыз жана тажик чек ара кызматкерлери келип жаңжалды токтотушкан. Андан кийин Кыргызстандын жарандары Аксай жолун бөгөттөп, Тажикстандын жарандары Төрт –Көчө жолдорун тосушкан.

Учурда окуя болгон жердеги кырдаал эки өлкөнүн чек арачылардын көзөмөлүндө турат.

Ошондой эле Кыргызстандын Баткен чек ара кызматынын өкүлү Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлү менен жолугушуп, чек арадагы стабилдүүлүк боюнча сүйлөшүштү.

Учурда чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Бирок жергиликтүүлөр абал тынч эмес экендигин айтып, ок чыгарууга чейин барышканын кабарлашты.

Copyright © 2017 Maral FM