Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө катуу шамал шиферлерди учуруп кетти

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 702 | 0

Ысык-Көл облусунда катталган катуу шамал шиферлерди учуруп кеткен. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-февралда болжол менен саат 15:30-16:00дөр чамасында аталган облуста ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын, Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылында 1 турак үйдүн 8 даана шиферин жана Тамчы айылында 1 турак үйдүн 36 чарчы метр чатырын учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM