Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков ШКУнун Башкы катчысы менен жолугушту

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 605 | 0

Бүгүн, 6-февралда Тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы В. Норов менен жолугушту.

Жолугушууда ШКУнун алкагында кызматташуудагы негизги маселелер жана 2019-жылга коюлган план боюнча сүйлөшүлдү.

Өзгөчө ушул жылдын июнь айында Бишкекте өткөрүлүүчү ШКУнун самммитине болгон даярдыктарга басым жасалды.

Ошондой эле Айдарбеков ШКУнун алкагында кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатында маанилүү орду бар экендигин белгилеп, Кыргызстандын ШКУ катчылыгы менен ар тараптуу кызматашууга даяр экендигин билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM