Биз менен байланышыңыз

Президент: Начар адистер өз өлкөсүн талкалашат

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 841 | 0

Кыргызстанда энергетика, тоо-кен, айыл-чарба, туризм, кайра иштетүү тармактарыбызга зарыл орто звенодогу адистер жетишсиз. Мындай маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте мугалимдер менен болгон жолугушууда айтты.

Анда азыркы учурда 1,5 млн. экономикалык жактан активдүү адамдардын кесиптик билими жок экенин билдирди. Мамлекет башчынын атымында, кыргызстандыктар өлкөнүн сыртында квалификациясы төмөн жумуштарда иштөөдө. Ошондуктан кесиптик–техникалык окуу жайларына болгон мамилени өзгөртүү керек. Бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн коомдогу кадыр-баркын көтөрүп, жумушчу кесиптерге кызыктыруу иштери жүргүзүлүшү шарт.

-Университеттерден билими начар, сапаты төмөн мугалимдер, инженерлер, врачтар, экономисттер, юристтер чыкса — алар өз өлкөсүн өздөрү талкалашат.

Сапатсыз врач — адамдарыбыздын ден–соолугун талкалайт.

Начар мугалим — жаштарыбыздын интеллектуалдык деңгээлин төмөндөтөт.

Чала экономисттер, юристтер өлкөбүздүн экономикасын, башкаруу системасын кыйратат, — дейт президент.

 

Copyright © 2017 Maral FM