Биз менен байланышыңыз

Момбеков министр Чолпонбаевге отставкага кетүүсүн сунуштады

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 471 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди отставкага кетүүсүн сунуштады. Бул тууралуу депутат парламенттин жалпы  жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрге берилген көп суроолор кызматтык унаасы жөнүндө болду. Буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев жол тандабас сатып алып, кийин кызматтан кетти. Ал эмнеге кызматтан кетпей отурат? Коопсуздук кеңештин жыйынында президент мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматты ээлегенге моралдык укугу жок экенин айтты. Ал да кызматтан кетти. Бул киши кете албай кыйналып жатат.

«Сиз бизди да, элди да кыйнабай эле кетип калсаңыз жакшы болмок», — деди Рыскелди Момбеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору талкууланды.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев ар биринин наркы 82 миң долларга барабар эки жол тандабас сатып алышканы белгилүү болду. Бул коомчулуктун сын-пикирине кабылып, жетекчилердин дарегине ар кандай сөздөр айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM