Биз менен байланышыңыз

Жумакулова: Мектептерде балдардын тамагынан уурдагандар бар

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Фев 2019 | 1038 | 0

Балдар дарыгери Бактыгүл Жумакулова “Марал” радиосуна берген маегинде мектептерде балдардын тамагынан уурдагандар бар экенин, ага күзөтчүлөр дагы күбө экенин билдирди.

Ал окуучуларга бөлүнгөн каражат ысык тамакка кенен жетет деген ойдон алыс.

«Баары ашпозчулардын чеберчилигинен көз каранды. Ата-энелер өз укугун билбейт. Ата-энелер комитети балдардын тамак-ашын тескеши керек. Кемчилик болсо билим берүү жетекчилигине, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна айтышса, көйгөй бара-бара жоюлат. Бала эртең менен тамактанбаса 6 айда ашказаны дартка чалдыгат. Тез татым азыктары, сендвичтер 4-2 саат гана кармалышы керек. Бирок окуучулар аны билбей жей беришет. Бул маселе ата-эне, окуучу, мектеп жетекчилиги менен бирге чечилиши керек», — дейт Жумакулова.

Анын пикиринде, билим берүү тармагын текшерүүдө алдын ала уруксат алуу туура эмес. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан дагы көп мүчүлүштүктөр кеткен. Аталган борбор дагы таза иштеши керек.

«Ата-энелер мектепке келип, балдарга даярдалган тамактан ичип көрсө болот. Орусияда балдардын тамагы тескеген өзүнө институт бар. Ал эми бизде тамактардын тизмесин түзүүдө улуттук өзгөчөлүктөр каралбай калган. Мындан улам көп тамактар таштандыга төгүлүп кетүүдө. Ошондуктан тизме түзүүдө окуучулардан сурамжылоо жүргүзүлүшү керек. Мектептин директорунан көп нерсе көз каранды. Мындан сырткары ата-энелер дагы мектепке келип жаңы идеяларын айтып, чогуу өзгөртүшсүн«, — дейт Жумакулова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM