Биз менен байланышыңыз

«Эргене» фондуна Өкмөттөн каражат бөлүнүшүнө премьер-министрдин таасири болушу мүмкүн

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 532 | 0

Өкмөт тарабынан «Эргене» фондуна берилген 300 миң сом текшерилиши керек. Мындай пикирди «Маралга» Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова билдирди.

Анын айтымында, коомчулуктагы Өкмөттүк эмес уюмга каражаттын бөлүнүшүндө жеке кызыкчылыктар бар деген шектенүүлөрдө чындыктын пайызы болушу мүмкүн.

«Анткени, менин билишимче бейөкмөт уюмдарга берилген мындай суммадагы жардам тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Өкмөт бардык эле мамлекеттик эмес уюмдарга мындай каражат бере бербейт. «Эргене» фондуна Өкмөттөн каражат бөлүнүшүнө премьер-министр менен фонддун жетекчилеринин тууганчылык жагы таасир бериши мүмкүн», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова.

Ошондуктан, бул кептерди төгүнгө чыгаруу үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн атайын комиссия бөлүнгөн каражатты текшериши керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM