Биз менен байланышыңыз

Быйыл Түркияда эс алуу кымбаттайт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 779 | 0

2019-жылы Түркияда эс алуу 10-15%га кымбаттайт. Мындай жогорку баалар өзгөчө КМШ өлкөлөрү үчүн сезилери күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын туристтик операторлор ассоциациясынын директору Майя Ломидзе билдирди.

Мунун башкы себеби-өлкөдөгү экономикалык абалдын кескин начарлап кетиши. Түрк лирасынын кунун жоготушу менен пайда болгон инфляция өлкөнүн туристтик тармагына да өз таасирин тийгизип, ишкерлер мурункудай арзандатуу акцияларын сунуштай алышпайт.

Мындан сырткары, үч жыл мурдагы Эрдогандын Орусиянын дарегине айткан өйдө-төмөн сөздөрү жана алешем саясатына жооп кылып, орус бийлиги жарандарын Түркияга туристтик сапар менен баруусуна тыюу салып койгон. Туризм тармагы мындан олчойгон зыянга учураганда түрк тарап орусиялыктарды кайра тартуу үчүн атайын арзандатылган бааларды сунушташчу. Мындан КМШдан баргандар да пайдаланчу. Бирок бул жылы андай өзгөчө «меймандостук» көрсөтүлбөйт. Буга дагы бир себеп Германия жана Англиядагы түркиялык туристтер өз өлкөсүнө барары күтүлүүдө.

Эске салсак, Түркия быйылкы жылдан тарта тармактагы чыгымдарын туристтердин эсебинен каржылоо үчүн туристтерге салык киргизген.  Буга ылайык, Стамбул, Анкара, Анталья жана Измир шаарларынан башка шаарлардын туристтери 3-5 долларлык салыкты төлөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM