Биз менен байланышыңыз

АКШ: Орусия Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарын аткарбай жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 574 | 0

Орусия өзүнүн базарларындагы ачык-айкындуулукту сактабоо менен Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузууда. Мындай билдирүүнү АКШ бийлиги атайын докладында жарыялады.

АКШ тарап Орусиядагы кээ бир салыктардан, экспорт эрежелеринен жана фитосанитардык талаптарынан дагы тынчсызданганын билдиди.

Докладга ылайык, АКШ Орусияга өзүнүн товарларын алып кирүүдө жана сатууда маалыматтык тоскоолдуктарга дуушар болууда. Эгер уюмдун эрежелерин системалуу түрдө бузуу фактысын кармаса эле тиешелүү чараларды көрөрүн эскертти. Тактап айтканда, Соода уюмуна доо-арызын берип, Орусияга чара көрүүсүн талап кыларын билдирди.

Мындан сырткары докладда 2014-жылы Крымдын Орусияга өтүүсүнөн башталган эки тараптуу санкциялардын айынан соода-сатык тармагында Кремль менен жетиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай жатышканын моюнга алган. АКШнын Орусиядагы элчилигинин бул боюнча кайрылуулары да жоопсуз калганын кошумчалайт.

Эске салсак, Орусия-АКШ соода-экономикалык мамилеси 2014-жылдагы Крымдын аннекцияланышы менен бузулган. Ага байланыштуу Америка Москвага бир катар талаптар менен санкцияларды киргизген. Мындан сырткары Орусияны Иран менен кызматташып, өзөктүк куралдарды чыгарууга айыптаган Вашингтон 1989-жылы түзүлгөн эки тараптуу ракеталык келишимден чыгарын жарыялап келет.

Copyright © 2017 Maral FM