Биз менен байланышыңыз

ИШИМ Сирияда кайрадан бутуна турушу ыктымал

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 802 | 0

ИШИМ террордук тобу аймактагы аскердик кысымдын жоктугунан пайдаланып кайрадан жандануусу мүмкүн. Жадагалса бир жылга жетпей мурда алдырып жиберген аймактарын Сирия армиясынан тартып алуусу да ыктымал.

Мындай билдирүүнү Американын Коргоо министрлиги жарыялады.

Атайын даярдалган докладга ылайык, ИШИМ тобу чет өлкөлөрдөн жалданып келген согушкерлерин кайрадан топтоп Сирияда үстөмдүк курууга аракет кылары бышык. Буга жол бербөө үчүн АКШнын куралдуу күчтөрүнө муктаждык жаралат.

Эске салсак, Американын президенти Дональд Трамп өткөн жылдын декабрында Сириядагы 2миңден ашуун аскеринин чыгары тууралуу жарыялаганы онөктөштөру эле эмес, өзүнүн администрациясында да каршылыктарга дуушар болгон. Биринчи кезекте коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Американын аскердик базасы дароо эле чыгып кетпесин, белгилүү шарттар аткарылса гана кетерин айткан.

Трамптын билдирүүсүнөн кийин бош калчу аймакты дароо ээлөөгө аракет кылган түрк тараптын башчысы Режеп Тайип Эрдоган Трампты айтканын жасатууга болушунча жан үрөөдө. Алар болсо Сириянын түндүк-батышындагы күрд түзумдөрүнүн коопсуздугун кепилдикке алмайынча чыкпасын айтып, азырынча ордунан жыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM