Биз менен байланышыңыз

Австралиядагы катуу сел жыландарды үйлөрдүн алдына алып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 650 | 0

Австарлиянын Куинсланд аймагында узакка созулган ысыктан кийин жааган катуу жаан ири селдерге себеп болду.

Суу сактагычтардан ашып чыккан суу миңдеген жарандарды үй-жайсыз калтырды.

Шаар электр жарыгысыз калып, адамдар селден качып, үйлөрүнүн чатырларына чыгып сактанышты.

Жергиликтүү бийлик калкты суу агызып келген жылан, кескелдирик сыяктуу жапайы жандыктардан сак болууну эскертти. Социалдык желелерде үйлөрдүн алдына келген жаныбарлардын сүрөттөрүн жарыялашты.

Куинсланддын башчысы Анастасия Палащук бул аймактагы акыркы жүз жылдын эң катуу жааны экенин белгиледи. Алдыдагы бир апта боюнча жаан-чачын уланары кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM