Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда соттук-медициналык экспертизанын башчысы пара алуу менен кармалды

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 537 | 0

Жалал-Абад облусунун соттук-медициналык экспертизанын аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган кызматка А.А. аттуу жарандан Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактар аралык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып акча талап кылгандыгы боюнча арыз түшкөн.

Түшкөн арыз боюнча ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 1- февралда Жалал-Абад облусунун соттук-медициналык экспертизанын аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы К.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган жетекчиге 326-берененин 1-пункту боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка байланыштуу иликтөө иштери жүрүүдө. Кармалган жетекчи Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармалууда.

Copyright © 2017 Maral FM