Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Ажолор пикир келишпестиктерин аягына чыгаруусу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 776 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы пикир келишпестиктерге чекит коюп, аягына чыгаруу зарыл. Себеби элде күдүк ой болбошу керек. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эки ажонун ортосундагы мамиле бир нукка түшсө, эл арасында «коррупция менен тандалма күрөш жүрүп жатат деген» сөздөр токтойт.

«Эки ажонун ортосундаы мамиле жакшы аяктаса экен. Сооронбай Жээнбеков башка ажолорго салыштырмалуу динди терең билген, ыйманды түшүнгөн, көп нерсеге чекит коё турган адам деп билем. Уруш-талаштан эч ким утпайт. Ким мыйзам бузган болсо баары жооп бериши керек. Жоопко тартаса эл ыраазы болуп, коом өзүнөн-өзү тынчыйт», — дейт Арабаев.

Copyright © 2017 Maral FM