Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо — 7» долбоорун ишке киргизди

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 1007 | 0

Өкмөттүн «Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорун ишке ашырыла баштады. Максаты 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Анын алкагында чарбачылыктын түрүнө карап ар кандай пайыздагы насыялар берилмекчи.

Насыянын мөөнөтү 36 ай деп белгиленген. Ал эми бак өстүрүүчүлүккө, ургаалдуу токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү кредиттер үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин узартууга уруксат берилет.

Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке жарандар 150 (жүз элүү) миң сомго чейин өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Мында, бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилүүчү кредиттин жалпы суммасынын 7 пайызынан ашпоосу керек.

Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо – 7” долбоору ушул жылдын февраль айынан ишке кирди. Долбоор тууралуу кенен маалыматты шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM