Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаардын II жана III фазасынын качан ишке кирери айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 971 | 0

Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Марал” радиосуна берген маегинде «Коопсуз шаар» долбоорунун II фазасы 10-марттан, ал эми III фазасы 10-апрелден тарта ишке кирерин билдирди.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун 1-этабы 4 техникалык фазага бөлүнгөн.  I фаза Бишкек шаары менен Чүй облусун камтыйт. Анын негизинде тиешелүү камералар толук орнотулуп бүттү. Бишкекте 10 кесилиште 12 камера орнотулган. 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу иши улантылууда.

Долбоордун биринчи этапбынын алкагында 90 стационардык жана 20 көчмө комплекс коюлат. Учурда ылдамдыкты өлчөгөн 10 комплекс коюлду. Алар 12-февралдан тарта эреже бузууларды каттай баштайт. Башкача айтканда, унаа ээсине айып пул төлөө жөнүндө токтомдор жөнөтүлөт да анын аткарылышы көзөмөлгө алынат.

«Экинчи этаптын техникалык документтери бүткөн болчу. Анда өлкө боючна 230 жерге дардык көрүлгөн. Бирок дагы 80 жер кошулуп, жалпы 310 жер боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кайра санап чыгып жатабыз. Ал ушул жумада даяр болот да, кийинки аптада конкурс жарыялоо боюнча чечим кабыл алабыз», — дейт Шаршембиев.

Copyright © 2017 Maral FM