Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» фракциясы мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 1045 | 0

“Ата Мекен” фракциясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна билдирди. Ал белгилегендей, 2017-жылы Жогорку Кеңеш аталган эки мөңгүнү “көчүрүүгө” уруксат берген.

-Парламент Суу кодексине киргизилген өзгөртүүнү колдоп бергенде, коомчулукта нааразычылыктар болгон. Анткени мөңгү – биздин улуттук байлыгыбыз. Бара-бара мунай менен газ түгөнөт. Мөңгү жана суу алтынга тете болот. Ошол себептен биз мөңгүлөрдүн талкаланышына жол бербешибиз керек. Биз алтынды шахтадай кылып, жер астынан каза турган кылабыз. Ал Центерранын иши, — деди эл өкүлү.

Мыйзам долбоору даярдалып, парламентке сунушталды.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылы 16-ноябрда Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизип, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан которууга уруксат берген. Анда 85 депутаттын 63ү макул болгон.

Copyright © 2017 Maral FM