Биз менен байланышыңыз

Мирлан Бакировдун мыйзам долбоору артка кайтарылды

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 505 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына жана экс-премьер-министрлерге статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору убактылуу артка кайтарылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда айрым массалык маалымат каражаттарында долбоор тууралуу туура эмес маалымат кетип калгандыгы айтылган. “Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамдары жөнүндө” мыйзамы буга чейин эле болгондугу, жаңы сунушта ал тууралуу сөз болбогонун маалымдашкан.

Мирлан Бакиров демилгелеген мыйзам долбоорунда парламенттин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлерге статус берүү сунушу гана келтирилген.

Түшүнбөстүктөр пайда болгондугу себептүү долбоор убактылуу артка кайтарылып, толукталган соң талкууга коюлары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM