Биз менен байланышыңыз

КТРКнын Байкоочу кеңешине жаңы мүчө шайланды

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 629 | 0

Коомдук теле-радио компаниясынын байкоочу кеңешине Атыргүл Сарыбаева мүчө болуп кошулду. Жогорку Кеңеш 30-январда КТРКнын байкоочу кеңешинин бир бош орунга мүчөнү шайлоо маселесин карап, талкуу 5 саатка созулду.

Түшкө чейин жүргөн добуш берүүдө Чынара Капарова 79 упай менен шайланган болчу. Депутаттар рейтингдик добуш берүүдө регламент бузулганын айтып, токтомду жокко чыгарышты.

Кийинки жолу добуш бергенде 77 добуш менен Сарыбаева шайланды. Чынара Капарова 61 добушка ээ болду.

Кошумчалай кетсек, бул орун үчүн 5 талапкер ат салышты.

Copyright © 2017 Maral FM