Биз менен байланышыңыз

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө Атыркүл Сарыбаева шайланды

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 1166 | 0

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук биринчи каналдын Байкоочу Кеңешинин мүчөлүгүнө добуш берүү жолу менен 77 добуш алып Атыркүл Сарыбаева шайланды.

Коомдук биринчи каналдын Байкоочу Кеңешине мүчөлүккө беш кишинин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Алар Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Атыркүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков жана Нургазы Мусаев.

Жыйын учурунда талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип, кандай максатта байкоочу кеңешке мүчөлүккө бара жаткандарын билдиришти. Ошондой эле КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев Коомдук биринчи каналга байланыштуу депутаттар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Кошумчалай кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM