Биз менен байланышыңыз

Депутат камактагы чет өлкөлүк жарандарга да мунапыс берүүнү сунуштады

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 581 | 0

Кыргызстандын абагында отурган чет элдик 370 жаран бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Жоробек Дуйшенбиев айтты.

Депутат Каныбек Иманалиев оор жаза кылбаган чет элдик жарандарга да мунапыс жарыялоону сунуш кылды. Ал Тажикстандан келген 7 этникалык кыргыз абакта жатканын, андан бери 4 жолу ырайым кылынса да, алардыкы кыскарбаганын эске салды.

-Алар киши өлтүргөн эмес, бюджетке зыян тийгизген жок. 370 кишини бюджеттин эсебинен багат экенбиз. Мындай практика буга чейин болгон эмес. Этникалык кыргыздарга жеңилдетилген шартта мунапыс жарыялайлы.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеште “Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгынын жана 1938-жылдагы репрессиянын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата мунапыс берүү” мыйзам долбоору 1-окууда каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM