Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу атышуудан жабыркаган жаран президентке кайрылды

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 549 | 0

25-январь күнү Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик менен алектенген топ катышкан атышуу болгону жергиликтүү басылмалардын биринде кабарланган. Анда Жогорку Кеңкештин депутаты, «Чемпион» лакабы менен таанымал Урмат Самаевдин тууганы делген Дастан жана Кубан(Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев) аттуу жарандар аймакта ишкердик кылган (аткезчилик менен алектенгени айтылууда, бирок далилденген эмес) Аскат жана Бахтияр деген жарандарга жаракат берүүчү пистолет менен атып кетишкени айтыган. Бирок окуя кандайдыр бир себептен үстү жабылып, күч түзүмдөрү чара көргөн эмес. Бул тууралуу жазган журналистти да Токмок шаардык Ички иштер башкармалыгы жалган маалымат жарыялаганы үчүн түшүнүк кат жазууга чарыган.

Кечээ, 28-январда болсо денесинин бир нече жерине ок жеген жаран президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жолдоду.

Анда ал аны аткан Самаевдин жакындары экенин, ал ИИМ жана УКМКнын жооптуу кишилери менен сүйлөшүп ишти жаптырганын жана өзүн коркутуп арызданбоону талап кылганын айткан. Токмоктогу эч бир оорукана же укук коргоо кызматтарына кайрыла албай, Бишкекке качып келгенин кошумчалаган жаран Самаев тараптан өмүрүнө кол салуу коркунуч бар экенин айткан. Бул боюнча жетиштүү далилдери жана күбөлөрү бар экенин кошумчалаган.

Эске салсак, жергиликтүү басылма Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктун «Чемпиондун» адамдары көп жылдан бери көзөмөлдөшөрүн, аткезчилер алардын алдынан өтүп турушарын жана жаңы кошулгандарды жогорудагыдай жол менен «алик алышарын» кабарлаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM