Биз менен байланышыңыз

Дамир уулу: Кышкы туризмге болгон талап өсүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Янв 2019 | 742 | 0

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу “Марал” радиосуна берген маегинде өлкөгө келген туристтердин санында өсүү тенденциясы бар экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тоолуу өлкө болгондукан кышкы туризмге болгон суроо талап өсүп жатат. Орусиядан, Казакстандан келип эс алган туристтер бар. Бирок Европа мамлекеттеринин келгендер аз санда.

«Учурда кышкы туризм боюнча Өзбекстанга басым жасайлы деп жатабыз. Анткени Кыргызстанга келген туристтердин көпчүлүгүн өзбекстандыктар түзөт. Эл аралык стандарттарга жооп берген тоо лыжа базалары бар. Бирок өлкөдөгү бардык базалары талаптар  жооп берет дегенден алысмын», — дейт Дамир уулу.

Белгилей кетсек, өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар. Анын ичинен 17си иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM