Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапарга ташуу конкурсуна кыргызстандык компаниялар катышкан жок

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 607 | 0

Бүгүн, 28-январда зыяратчыларды ажылык сапарга ташуу боюнча авиа компаниялардын арасындагы конкурска документтерди кабыл алуу жыйынтыкталды.

Муфтияттан кабарлашкандай, сынакка бир эле саудиялык Flynas авиакомпаниясы документ тапшырган. Жергиликтүү компаниялардан документ келген эмес.

Белгилей кетсек, ажыга баруучуларды буга чейин да Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы ташыган.

Эске салсак, 2019-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоо 31-январга чейин жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM