Биз менен байланышыңыз

Январда 16 миңден ашуун кылмыш иши реестрге катталды

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 720 | 1

28-январга карата Кыргызстанда 16 миң 278 кылмыш иши жана укук бузуулар Бирдиктүү реестрге катталды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, катталган кылмыштардын 7,2 миңи сотко чейинки тергөө стадиясында.

Ушул тапта катталган кылмыш иштеринин бетин ачуу үчүн 521 тергөөчү иштеп жатат. Мындан сырткары Улуттук коопсуздук комитетинде 664 ишке тергөө жүргүзүлүүдө.

Ушул айдын аягында жалпы кылмыштарга байланыштуу жыйынтык чыгарылмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM