Биз менен байланышыңыз

ЖЭБ авариясына бир жыл: ким жоопко тартылды?

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 559 | 0

Бир жыл мурда 26-январь күнү Бишкек Жылуулук электр борборунда олуттуу авария жүз берген. Кырсыктан жабыркагандар болбогону менен Кыргызстандын жылуулук тармагына болгон ишенимди жоготкон.

Жаңы гана ири суммадагы каражатка модернизацияланып, ишке киргенине карабай ТБЕА кытай компаниясы тарабынан 386 млн долларга курулган жаңы блок жылуулук берүүгө жөндөмсүз болуп чыккан.

Жылуулук борборундагы авария боюнча төрт кылмыш иши козголуп, сот иштери уланууда. ТБЕА компаниясы тарабынан мектеп куруу үчүн берилген акча каражаттын туура эмес колдонулушу боюнча бешинчи кылмыш иши да козголду. Шектүүлөрдүн башында мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдор бар.

Азырынча бир гана иш боюнча биринчи инстанциянын чечими чыккан. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Электр станциялары» ААК генералдык директорунун орун басары Бердибек Боркоевге жети жыл айлты ай эркинен ажыратуу, мурунку техникалык директор Алмаз Жусупбековго жети жыл камак жазасын берген.

Эске салсак, 2018-жылдын 26-январында башталган авариянын кесепетинен борбор шаар бир апта бою кыш чилдесинде жылуулуксуз олтурган.

 

Copyright © 2017 Maral FM