Connect with us

Азия Кубогу: жарым финалда кимдер ойношот?

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 606 | 0

Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы Австралияны 1:0 эсеби менен жеңип Азия кубогунун жарым финалына жолдомо камсыздай алды. Жеңүүчү голду өз курамасына 68 мүнөттө Али Мабхут алып келген.
Арабдар эми жарым финалда Катар курамасы менен беттешет. Катарлыктар чейрек финалда Түштүк Кореяны 1:0 эсеби менен уткан.
Эске салсак, жарым финалга булардан сырткары  Иран менен Япониянын улуттук курамалары чыгышкан. Иран футболчулары Кытай командасын жеңсе, Япониянын курамасы Вьетнамды 1:0 эсебинде уткан.

Жарым финалдык беттештер 28-29-январда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM