Биз менен байланышыңыз

2018-жылы жол кырсыгы 5,5% га азайды

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 658 | 0

2018-жылы жол кырсыгы 5,5% га азайган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында маалымдашты.

Министрликтин 2018-жылкы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жол кырсыган каза болгондордун саны 21%га кыскарган.

Ал эми балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны – 1418ге жеткен. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,9%га көп.

Жол кырсыгынан каза болгон балдардын саны 16,3%га азайып, 104төн 87ге түшкөн. Жаракат алгандардын саны болсо 12,0%га кыскарган.

Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча жол эрежесин бузуу боюнча жалпысынан 995 миң 795 факты катталган.

Copyright © 2017 Maral FM