Биз менен байланышыңыз

Парламент Бейшеновдун талапкерлигин жактырды

Саясат | 24 Янв 2019 | 507 | 0

Жанат Бейшенов транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеӊештин депутаттары бир добуштан жактырды. Буга чейин Бейшенов транспорт жана коммуникация тармагын иштеп келген. Өкмөт Жанат Бейшенов өлкөнүн транспорт жана жол тармагын жетектеп кете аларына толук ишенет. 

Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Ал өз каалоосу менен отставкага кеткен мурунку министр Жамшитбек Калиловдун ордуна көрсөтүлдү.

Талапкерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Анын айтымында, талапкер буга чейин өзүн транспорт жана коммуникация тармагын өнүктүрүү жаатында кесипкөй жана тажрыйбалуу кызматкер катары көрсөтө алды.

-Жанат Бейшенов өлкөнүн транспорт жана жол тармагын жетектеп кете аларына толук ишенем.

Ал эми талапкер Жанат Бейшенов парламент колдоп иштеп калса, бул мекеменин ишин ачык-айкын жүргүзө турганын билдирди. Ал жумушунун үч негизги багыттары тууралуу айтып берди.

— Биринчиден, коррупцияга каршы катуу күрөш болушу керек. Бул тармактагы тендерлердин жыйынтыктарын кайра карап чыгабыз. Бизнес-ассоциациялар менен кызматташып, “Ачык асман” долбоору боюнча Жарандык авиация агенттиги менен бирге программа иштелип чыгат. Коррупцияга каршы системалуу күрөш жүрөт. Экинчиден, жолдун сапатын карайбыз. Аны тиешелүү илимий коом менен биргеликте тыгыз иштейбиз. Үчүнчүдөн, аймактарды өнүктүрүүнү карайбыз.

Жыйында Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатканда айрым депутаттар аны бул тармактагы тажрыйбалуу адис эмес деп сынга алышты. Ошондой эле аталган мекеменин абал өтө оор экенин белгилешти.

Депутат Рыскелди Момбеков акыркы 10 жылда Транспорт министрлигиндеги абалды Сирияга теңеди. Ал бул кызмат ордун душманына дагы каалабай турганын айтып, жаңы жетекчини кандай абал болсо да ага даяр болуусун эскертти.

-Бул тармак — эң коррупциялык аймак. Азыркы Сирияда абал кандай болсо, Транспорт жана жолдор министрлигинде абал ошондой. Ал жакка баргандар үч нерсе алат экен. Пара алат, чакыруу кагазын алат жана түрмөгө «путёвка» алат. Башка жыргаган эч нерсе көргөн жокмун. Сирияда миналардын үстүндө жүргөндөй, сиз бул тармакта коррупциянын үстүндө жүрөсүз. Ал жакты сиз тазалайсыз же алар сизди жазалайт.

Талкууда депутаттар жаңы министрге жолдордун сапатын жакшыртуусун талап кылып, андан кийин жол кырсыктары азаят деп үмүттөнүштү.

Эл өкүлү Улугбек Ормонов Жанат Бейшеновго орун басары пара алып кармалып калса кызматтан кетпөөсүн айтты.

-Жоопкерчиликти алган туура. Бирок арыз жазып кетпеңиз. Бирөө пара алып кармалып жатса, сиз эмне үчүн кетишиңиз керек? Буга чейинки министр жол тармагын жакшы түшүнгөн кадр эле. Анын орун басары кармалып, арыз жазып кеткени туура эмес. Сиз бирөөнү кызматка алып келсеңиз гана маселе болуш керек.

Жыйынтыгында депутаттар Жанат Бейшеновду министрлик кызмат ордуна дайындоого талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Белгилей кетсек, Жанат Бейшенов 1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. Ал жогорку окуу жайда окутуучу болуп, өкмөт аппаратында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген.

Ал эми мурдагы министр Жамшитбек Калилов өткөн жылдын декабрь айында «ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу арыз жазып иштен кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM