Биз менен байланышыңыз

2019-жылы 25 миңден ашуун “акылдуу” эсептегич орнотулат

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 730 | 0

«Түндүк электр» ачык акционердик коому 2019-жылдын 1-январына карата 198 миң 217  эсептегич орноткон. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 175 миң 884 даанасы тиричилик абоненттерине, 22 миң 333ү башка абоненттерге орнотулган.

“Акылдуу” эсептегичтер электр энергиясындагы жоготуулардын алдын алуу максатында коюлат. Мындан сырткары 3 фазалуу эсептегичтерди колдонгон абоненттердин электр энергиясын чектен ашык колдонулушун алдын алуу болуп саналат.

2019-жылдын аягына чейин «Түндүк электр» ААКы Чүй жана Талас облустарына 25 миң 492 эсептегичтин көрсөтмөсүн аралыктан ала турган автоматташтырылган эсептегичтерди орнотоору күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM