Биз менен байланышыңыз

«Түндүк электр» 8 миң абоненттин жарыгын өчүрдү

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 1004 | 0

Бүгүн, 29-мартта «Түндүк электр» ачык акционердик коому Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 8 миң  абоненттин электр жарыгын өчүрдү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.

Шаар тургундарынын карыздары 12,5 млн. сомду түзөт.

30-31-март күндөрү дем алышка туш келгендиктен, «Түндүк электр»  абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Төлөмдөрдү  «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарынан, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынан, «Дос Кредо Банк», «Айыл Банк», «БТА Банк» кассаларынан жүргүзүүгө болот.

«Акылдуу» эсептегичтер менен камсыз болгон электр энергия керектөөчүлөрү төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөнү үчүн аралыктан өчүрүлөт. Абоненттер карызды толук төлөп, «Түндүк электр» серверине төлөм тууралуу сигнал келгенде, автоматтык түрдө электр энергиясы берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM