Биз менен байланышыңыз

«Түндүк электр» ишканасы Энергетиктердин кесиптик майрамына ыр арнашты (видео)

«Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери бүгүнкү энергетиктердин кесиптик майрамына карата кыргыз эстрада ырчылары менен биргеликте ырдап чыгышты.

Белгилей кетсек, 1920-жылдын 22-декабрында Бүткүл Орусиялык Советтин VIII съездинде «Орусияны электрификациялоо жөнүндө (ГОЭЛРО)» мамлекеттик планы кабыл алынган. Ошол күндөн тарта Орусияга, кийинчерээк бүтүндөй СССРдин курамындагы өлкөлөргө жарык жеткирүү иштери жүргүзүлүп баштаган. Аталган тарыхый окуянын урматына 1966-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун «22-декабрды Энергетиктердин кесиптик майрамы катары белгилөө жөнүндө»  указы жарыяланган.

Ал эми Кыргызстанда Өкмөттүн 1994-жылдын 30-июнундагы № 461 токтому менен кесиптик майрам катары бекитилген. Бул майрамды Орусия менен Кыргызстандан тышкары Беларусия, Армения жана Украина белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM