Биз менен байланышыңыз

Давос-2019: дүйнөнүн эң ири экономикалык форуму башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 835 | 0

Швейцариянын Давос шаарында ар жылы өтүүчү салттуу экономикалык форум быйылкы отурумун баштады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Форумга дүйнөнүн алдыңкы 60 өлкөсүнүн лидерлери, ири компаниялардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышышат.

Бирок бул жолку форумга дүйнөлүк экономиканын негизги фигуранттарынан АКШ президенти Дональд Трамп, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана француз лидери Эммануэл Макрон өлкөлөрундөгү саясий кырдаалдардан улам катышпай тургандары маалым болду.

Ал эми Италия, Бразилия, Армения, Украина, Нидерланды, Германия, испания жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн башчылары катышууга келишти. Мындан сырткары БУУ, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана НАТО сыяктуу уюмдардын расмий өкүлдөрү катышары форумдун сайтында жарыяланды.

Форумдун башкы темасы-«Ааламдаштыруу 4.0: төртүнчү өндүрүштүк төңкөрүштүн доорунда глобалдык архитектураны түзүү». Форумдун программасында 350 сессия каралган, анда катышуучулар технологиялык өнүгүү, криптовалютага жана санариптик экономика доорундагы эл аралык мамилелер, эл аралык базарды жандантуу, киберкоопсуздук, энергетика тармагындагы прогноздор жана коомдук теңсиздик маселелерин талкуулашат.

Кошумчаласак, Давос-2019 экономикалык форуму 25-январга чейин уланат. Форум салттуу турдө Давос шаарында 1971-жылдан бери өтүп келет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM