Connect with us

«Түркия демократиялык жактан да, саясат жагынан да Кыргызстандан артта»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Янв 2019 | 980 | 0

Саясат таануучу Алмаз Тажыбай “Марал” радиосуна берген маегинде Түркиянын ички жана сырткы саясаты чаташып кеткенин билдирди.

Анын айтымында, Түркия НАТОнун мүчөсү болсо да аскер куралдарын сатып алганы, Сирияда жүргөнү — оюн.

«Түркияны санкциялар киригизилсе дагы Иран менен сүйлөшө калып, гуманитардык жардам бере калууда. Түркияга С400 ракетасы келсе карама-каршылыктар болот. Азыр түрк лидери Режеп Таййип Эрдоган авторитардык башкарууну күчөтүп, демократиялык күчтөрдү жоготууга камынып жатат«, — дейт Тажыбай.

Ал Түркия сириялык качкындарды айла жоктон багып жатканын белгилейт. Өлкө эл аралык уюмдардын жардамы менен качкындарды багып жатканын айтат.

Тажыбай Кыргызстан менен Түркиянын маданий мамилеси бузулбайт деп ишенет. Бирок инвестиция жана башка маселелер аксап жатканын айтат. Буга кошумча, Түркия демократиялык жактан да, саясаттын сапаты жагынан Кыргызстандан артта экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM