Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жаңы мыйзамдардын күчүнө кириши боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 717 | 0

22-январда Жогорку Кеңештин Тармактык комитеттин биргелешкен жыйынында Кылмыш кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Кылмыш-процессуалдык кодекс, Кылмыш-жаза аткаруу кодекси, «Пробация жөнүндө» мыйзам жана «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө мыйзамдын 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши боюнча аткарып жатканы иштери тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу Когорку Кеңештин маалымат кызматынан маалымдашты.

Аталган маселе боюнча вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков башында турган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Вице-премьер-министр Ж.Разаковдун маалыматы боюнча Өкмөт тарабынан жогоруда аталган кодекстер менен мыйзамдардын күчүнө кириши боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинде пробация кызматын түзүү маселеси, Кылмыштар менен жоруктардын, эреже бузуулардын бирдиктүү реестерин ишке киргизүү маселелери камтылган.

Мындан сырткары, соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаӊы кодекстер менен мыйзамдардагы кемчиликтерди четтетүү жана мыйзамдардын аткарылышы боюнча ачык, даана, так механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын билдиришти. Жыйынтыгында комитеттердин мүчөлөрү жаӊы мыйзамдар менен кодекстердин аткарылышы боюнча бир катар тапшырмаларды беришти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM