Биз менен байланышыңыз

Түйшүгү көп «түкүрүк» мыйзамы

Коом | 27 Июн 2019 | 1041 | 0

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген «Коомдук жайлардагы эреже бузуулар тууралуу» жаңы мыйзамдар коомчулуктун сынына кабылган. Айрыкча тыюу салынган жерлерге түкүргөндөргө жана тамеки тарткандарга 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынганы эл арасында түрдүү пикир жараткан. Коомчулуктагы жана парламенттеги талкуудан кийин айып пулдун өлчөмү 1000 сомго чейин азайтылган. 

Жыл башында күчүнө кирген жаңы мыйзам долбоорунда коомдук жайларда түкүргөндөргө же тамеки тарткандарга айып пулдун өлчөмү 5 500 сом деп белгиленген. Бирок, коомчулуктун жана эл өкүлдөрүнүн сынынан кийин, аталган мыйзамга толуктоолор киргизилип, айып пулдун өлчөмү 1000 сомго чейин азайтылган. «Аталган мыйзам шаар тазалыгына салым кошуп, ишке ашканы байкалып жатабы?» — деген собол менен шаар тургундарына кайрылдык:

— Түкүргөндөр түкүрүп эле жатат. Аны караган деле эч ким жок.

— Сөз боюнча эле калды. Мыйзам иштебейт. Акча чогултуштун эле бир жолу.

—  Эл ага көңүл да бурган жок. Баягыдай эле түкүрүп жатышат. Керек болсо, милициялар өздөрү түкүрүп жүрөт.

— Негизи туура эле мыйзам. Түкүрүп жүргөндөр тыйылыш керек.

 Кыргыз коомчулугу мыйзамдарды сыйлап, тартипке көнө баштады. Мындай пикирин Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Анын билдирүүсүнө таянсак, шаар тургундарынын коомдук жайларда тамеки чегип же түкүрүнгөн көрүнүштөрү азайды. Ал эми мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлгөн.

— Ал мыйзам боюнча айтсам, өзгөртүүлөр, толуктолор болуп, Ички иштер министрлигинин кароосуна өткөн. Мыйзамдын аткарылышына алар жооп берет. Бизге шаардын ичиндеги чарбалык иштерди тескөө милдеттендирилген. Санитардык-экологиялык жагын көзөмөлдөө боюнча биздин кызматкерлер иштеп жатат.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору Таалай Алибаевдин айтымында, коомдук жайларда түкүргөндөргө же аталган мыйзамды бузгандарга биринчи эскертүү берилет. Эгер окуя кайталанса, протокол толтурулуп, айып пул салынат. Ал эми бул мыйзам жаңы кабыл алынгандыктан, башка жылдарга салыштырмалуу мыйзам бузуунун саны азайганын же көбөйгөнүн азырынча айта албайт. Алар мыйзам бузуу болгонун коомдук жайдагы видеокөзөмөл камералардын же ошол жердеги адамдардын жардамы менен аныкташат.

— Бул боюнча 53-берененин негизинде иштеп жатабыз. Буга чейин мындай мыйзам кабыл алынбагандыктан, башка жылдарга салыштырмалуу мыйзам бузуулардын санын айта албайбыз.  Ал эми жаңы кабыл алынган кодекстер өздүк курамыбыздын кызматкерлерине  окутулуп бүттү.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам түрдүү пикирлерди жаратып, Өкмөт мүчөлөрү парламенттин жана элдин сынына кабылышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM