Биз менен байланышыңыз

«Жаңы мыйзамдар өкмөттүн отставкасын шарттайт»

Саясат | 9 Янв 2019 | 1557 | 0

Кыргызстанда 1-январдан тартып бир топ жаңы мыйзамдар  иштей баштады. Мыйзамдар ишке киргени менен анын иштөө механизми калкка түшүндүрүлгөн жок.  Мындан улам саясат талдоочулар өлкөдө саясий абал чыңалып, өкмөттүн оставкасын шарттап коёрун болжоп жатышат.

Өлкөдө административдик кодекске киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирип, иштеп жатат. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү.

Эреже бузуулардын катарындагы жолго түкүргөнү үчүн 5500 сом айып салуу эл арасында нааразычылыкты жаратты. Ошону менен бирге жол эрежесин бузгандар үчүн салынуучу айыппулдардын көлөмү да элди нааразы кылды.

Бул нааразычылыктар Кыргызстанда саясий чыңалууну жана толкундоону пайда кыларын саясат талдоочу Марс Сариев билдирди.

Саясий чыңалууга коркунучтар бар. Себеби өкмөт чоң суммадагы айыппулдарды киргизүү менен элдин кыжырын келтирип жатат. Айлык акыны карап көрсөк, орточо маяна үч түкүргөн менен бара барабар болуп калды. Бул туура кадам болгону менен Кыргызстан Сингапур же Малайзия эмес да. Бул өкмөткө залалын тийгизип, жазында тынч болбойт го. Эл айып пулдардын суммасы көп болгонун өкмөт Кытайга болгон карызды ушул жол менен төлөөнү көздөп жатат деп таразалап жатат.

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулук кызуу талкуулап жаткан жаңы эрежелер тууралуу оюн айтты. Өкмөт башчы жаш муундарды тарбиялоо, аларга үлгүлүү жүрүм-турумду калыптандыруу ар бир улуу муундун милдети экенин эскертти. Ошол эле учурда ал түкүрүккө салынган айыпты кайра карап чыгуу зарыл экенин белгиледи.

-Жол кыймылы эрежелерин бузгандыгы үчүн жазаны катаалдатуучу жаңычылдыктар коомчулукта ар-түрдүү реакцияны жаратты. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айыппул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган. Эгерде айрым ченемдер катаалдаштырылган болсо да, алар милдеттүү болуп саналат жана аларды өлкөнүн ар бир жараны аткарышы абзел. Жарандарыбыз жазадан эч кимдин кача албастыгын түшүнүүсү маанилүү. Бузуулар жөнүндө кодекс парламентте узак талкуудан кийин кабыл алынып, анда түкүрүнүү үчүн айып менен толукталган.

Ошол эле учурда күчүнө кирген мыйзамдарды саясатка аралаштыруунун кереги жок дегендер бар. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жаңы мыйзамдар элге жакпай саясий чыңалуу болот деген пикир суу кечпесин айтты.

-Өкмөт туура эмес иш кылып жатса сындаш керек. Бирок Бишкек шаарынын тазалыгы мэриянын функциясына кирет. Мэр шаарды кыдырып элдин пикирин угуп, транпорттордун абалын көрүш керек. Түкүргөнү үчүн айып пулду мэрия салып жатат. Аны өкмөткө шылтап жаман көрбөш керек. Ушунун айынан эл нааразы болуп жатат деп отставкага кетирүү туура эмес.

Чындыгында, мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок. Ушундан улам өкмөткө сындар айтылып жатканын серепчилер айтышат.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин баамында, мыйзамдар ушул бойдон калса, коомдо нааразычылык күчөйт. Бул абалды оппозиция пайдаланып, ал саясий чыңалууну пайда кылат.

-Мыйзамдар мамлекеттик бийликтин көрүнүктүү иш-аракети да. Мыйзамды кабыл алууда кетип калган ката коомчулуктагы нааразычылыктарды күчөтүп коюусу мүмкүн. Ошонун негизинде ар кандай кыймылдар болуп кетиши ыктымал. Анткени нааразы болуп жаткандар бар. Каталарды өкмөт оңдоп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Болбосо, абалды оппозиция пайдаланып, чыңалууну алып келет.  Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ушундай эле пикирди улаган «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов үчүнчү тараптар абалды колдонуп, чыңалууну алып келип, өкмөттүн отставкасын шарттайт деген ойдо. Буга өкмөт өзү күнөөлүү экенин кошумчалады.

-Мындай мыйзамды элге, коомго биринчи түшүндүрүү иштерин кылуу керек эле. Өкмөттүн колунда коомдук телеканал, ЭЛТР, Пирамида, 5-канал жана аппарат бар. Бирок баары чийки эле кабыл алынып калган. Мисалы, Түркия мамлекеттинде түкүрүккө айып пул төлөө боюнча мыйзамдын кабыл алынганына 90 жыл болду. Бул Япония, Түштүк Корея жана башка көптөгөн мамлекеттерде бар. Мындай эреже бизде да акыры кирмек. Кабыл алынганы туура болду. Бирок айып пул кандай төлөнүп, иштөө механизми жок. Бул өкмөттүн күнөөсү. Ал саясий чыңалууну алып келип, отставкага кетирүүгө мүмкүнчүлүктү түздү. 

Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттү 2018-жылдын 20-апрелинде Жогорку Кеңеш  бир добуштан колдоп, бекитип берген. Анда соң Абылгазиев «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп аталган программасын жарыялаган.  Ал Кыргызстандын эгемен тарыхында 30-өкмөт башчы болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM