Биз менен байланышыңыз

Футбол: Ак шумкарлар Бириккен Араб Эмирлигине жеңилип калышты

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 779 | 0

Кыргызстан Азия кубогунун 1/8 финалында талаа ээлери Бириккен Араб Эмирлигине 3-2 эсебинде жеңилип калды. Оюндун алгачкы бөлүгүндө арабдар алгачкы голду киргизип эсеп санын ачса, ага 26-мүнөттө Мирлан Мурзаев дарбазага жакын барып киргизген голу менен жооп берди. Экинчи таймда коргоочунун катасы жергиликтүүлөргө бир гол алып келди. 90 мүнөткө кошумча кылып калыстын берген 3 мүнөтүндө талаага жаңы эле чыккан Турсунали Рустамов бурчтан чыгарылган топту башы менен таамай сүзүп, эсеп санын теңей алды.

Футболдун эрежесине ылайык, калыс жарым сааттык кошумча убакыт кошту. Анын алгачкы бөлүгүндө кыргызстандыктардын дарбазасына жакын жерде эреже бузулду деген айып менен арабдарга пенальти тебүү мүмкүнчүлүгүн жаңылыштык менен берди. Эсеп саны 3:2 болуп өзгөрүп, ошол себептүү ак шумкарлар жеңилүү ызасын тартты.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Азия кубогуна алгачкы жолу катышып, С тайпасына туш келген. Тайпалык баскычта Кытай менен Түштүк Кореяга жеңилип, Филиппинди утуу менен плей-оффко чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM