Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Спортчулардын ийгилиги арбыды

Кыска кабар | 20 Янв 2019 | 508 | 0

19-январда ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары өлкөнүн мыкты спортчуларын тандоо максатында уюштурулган «Sports Awards 2018» V маарекелик салтанатына катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн төрага  Жумабеков акыркы жылдары кыргыз спортунда ийгиликтер арбын болуп жатканына токтолду:  «Алсак, 2018-жылы биздин спортчуларыбыз ири эл аралык спорттук иш-чараларга катышып, алардын ичинен кыргыз желегин бийикте желбиреткендер көп болду. Айрыкча, Жайкы Азия оюндарында катышкан улан-кыздарыбыздын жетишкен жеӊиштери баарыбызды сыймыктандырып, спортчуларыбыздын шыгына-шык, демине дем кошту«, — деди.

Ошондой эле кыргыз спортунун келечеги кеӊ экенин белгилеген Жогорку Кеӊештин Төрагасы: «Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы төрагасы, маркум Мурат Саралиновдун урматына арналып өткөрүлүп жаткан бүгүнкү азем бардык спортчулар үчүн өтө маанилүү. Анткени, Мурат Саралинов кыргыз спортунун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон мекенчил инсан болгон. Анын атын түбөлүккө калтыруу максатында мындай иш-чаралардын арбын өткөрүлүп туруусу абзел«, — деп билдирди.

Муну менен катар Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаров сындуу залкар спортчулардын жолун улаган мыкты улан-кыздар өсүп чыксын деген тилегин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков быйыл да бул жаатта ийгиликтер арбын болоруна ишенерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Sports Awards 2018» салтанатынын алкагында Кыргызстандагы алдыӊкы спортчуларга атайын сыйлыктар тапшырылып, мыкты машыктыруучуларга да байгелер берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM