Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 1/8 финалдын оюндары башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2019 | 574 | 0

Бүгүн, 20-январда футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычындагы оюндар башталат. Бул күнү 3 оюн пландалганы турнирдин расмий сайтына жарыяланды.

1/8 финалдын программасын Иордания менен Вьетнамдын курамалары ачып, оюн Дубайдагы Al Maktoum Stadium аренасында өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Ал эми саат 20:00дө Таиланд менен Кытайдын курамалары беттешип, оюн Аль-Айндагы стадиондо өтөт. Андан кийин Абу-Дабидеги стадиондо Иран менен Омандын курамалары беттешип, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Кыргызстандын улуттук курамасы да в 1/8 финалга жолдомо алган болчу. Курама эртең, 21-январда Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM