Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Ким Чен Ындын экинчи жолугушуусу такталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2019 | 449 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын эки ирет жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында болот. Бул тууралуу  Reuters маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу өткөрүлө турган жай кийинчерээк жарыяланмакчы.  Эки тараптуу жолугушуу тууралуу  Ак Үйдө Ким Чен Ындын өкүлү Ким Ен Чхол менен Трамп талкуулашкан. Бул боюнча Вашингтон толук кандуу маалымат билдирген жок. Баарлашуу бир саатка созулуп, андан соң  саясатчылар түштөнүүгө кетишкен.

Андан көп өтпөй Ак Үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс эки тараптуу баарлашууда Корей жарым аралы боюнча сүйлөшүү ийгиликке жеткенин айтып, Түштүк Кореянын санкциялары тууралуу сөз болбогонун кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM