Биз менен байланышыңыз

Тубаса майыптуулуктун саны өстү

Ден соолук | 18 Янв 2019 | 1160 | 0

Дени сак балдардын төрөлүшү үчүн өкмөт кандай программаларды иштеп жатат? Бул маселени КСДП фракциясы талкуулады.

Кыргызстанда тубаса майып төрөлгөндөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, тубаса майыптуулук 35% түзөт. Бул 5 жылга салыштырмалуу 0,1% өскөн. Адистер муну энелердин кайдыгер мамилеси, жарандардын өз убагында дарыгерге көрүнбөгөндүгү менен байланыштырат. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, буга экологиянын да таасири чоң.

35% га жакыны тубаса оору менен төрөлгөндөр. Буга себептер көп. Энелер өз учурунда катталбагандыгы, дарыгердин көзөмөлүнөн өтпөгөндүгү. Жакын туугандардын баш кошкондугу, оорулардын алдын албагандыгында. Ошондой эле эң негизги себептердин бири экологиянын таасири. Маселен, мындай көрсөткүч Ысык-Көл облусунда басымдуулук кылат. Алар 25% түзөт. Бул ошол экологиянын таасири да болушу мүмкүн.

Тубаса майыптуулуктун арасынан өзгөчө нерв системасынын толук жетилбегендигинен келип чыккан оорулар көп катталат. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин билдиришинче, буга эненин төрөткө чейинки абалы таасирин тийгизет.

-Көпчүлүк учурда жүрөк оорулары, нерв системаларынын жетилбегендиги себеп болот. Бул абалдар тубаса майыптуулукка алып келиши мүмкүн.

Адистердин баамында, акыркы кезде жакын туугандардын баш кошуусу, энелердин 12 жумага чейин катталбагандыгы баланын майып болуп төрөлүүсүнө алып келет. Ошондой эле акыркы анализдерге ылайык, жыныстык жол менен берилүүчү инфекциянын кесепети.

Эң эле чоң себеп энелердин инфекциялык оорулары. Жыныстык жол аркылуу жуккан инфекция көбөйдү. Андан тышкары энелер кош бойлуу болгонго чейин бөйрөк, өпкө ооруларын толук айыктырбай төрөп, ал баланын ден соолугуна таасирин тийзигип жатат.

Буга байланыштуу өкмөт министрликке пландарды иштеп чыгууну тапшырган. Ага ылайык, 12-жумага чейин кош бойлуу энени каттаса ага балл берилет. Ал баалоо дарыгерди шыктандыруучу катары айлыкка кошулуп эсептелинет. Ошондой эле скринингге көңүл бурулат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтты.

Биз азыр эң негизги нерсе катары өз убагында каттоого алууну айтып жатабыз. Анткени канчалык эрте аныкталса, ошончолук эрте аракет кылууга болот.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 30 миңдей ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар.

Copyright © 2017 Maral FM