Connect with us

Кытайга каршы митинг парламенттик шайлоого даярдыкпы?

Коом | 17 Янв 2019 | 924 | 0

Борбордук Ала-Тоо аянтында кытай жарандарына каршы кайрадан митинг өттү. Бул жолу болжолдуу  350-400 тегерегинде адам катышты.

Ак үй алдына митингге чыккандардын саны 350-400гө чамалады. Эртең менен саат 11ге жакын чогулган эл негизги үч талапты коюшту.

Биринчи талап- бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңеш депутаттары этникалык кыргыздардан башка чет өлкөлүктөргө КР жарандыгын бербөө боюнча мораторий жарыялансын. Экинчиси- бийлик өкүлдөрү жана жарандык активисттерден мамлекеттик деңгээлдеги комиссия түзүлсүн. Бул комиссия ар бир кытай иштеткен заводдорду карап чыксын. 

Ошондой эле эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кытайдан алынган карыздарга жоопкерлерди таап, алардын мүлкүн мамлекетте алуу талабы коюлду.

Бирок бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын  Миграция кызматы жана Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлдөрү айтууда. Бирок каршы болгон тарап буга кулак салган  жок.

Сен өзүң аким болсоң эмнени чечесиң айтчы? Эч нерсе чечпейсиң. Баары бир жогорку жактан чечим кабыл алынат. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик аппараттан өкүл келсин!

Түштөн кийин гана аянтагы элди милиция кызматкерлери тарата баштады. Күч кызматкерлери «тартип бузду» деген негизде кармалган бир канча жаранды Ички иштер министрлигине таандык автобустарга салуу аракети жүрдү.

Мурдараак митингчилердин талаптары жазылган кагазды депутаттарга тапшырмак болушкан. Бирок милиция Жогорку Кеңешке киргизген эмес.  Митингчилер өздөрүнүн милиция тарабынан кармалган активисттерин бошотууну, кытай мигранттары үчүн эмгек квотасын азайтууну, паспорттогу «улуту» деген графаны кайтарууну, өз оюн ачык айткан активисттерди куугунтуктоону токтотууну, кыргыз кыздарына чет элдик жарандарга турмушка чыгууга тыюу салууну жана парламент депутаттарынын санын азайтууну талап кылышты.

Ал эми бир катар элдик курултайлардын башында турган Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров кырдаалды берилген убадалар аткарылбаганы менен байланыштырат.

Мындай митингдер эми ар кайсы шылтоо менен уюшула берет. Анткени учурда кайсы бир деңгээлде сенектик мезгилде турат. Азыркы бийлик келечекке багытталган конкреттүү иштерди алигиче баштай элек. Күнүмдүк, утурумдук гана иштер менен убакыт өткөрүүдө.   

Борбордук аянттагы бул көрүнүштү саясат талдоочу Марс Сариев кайсы бир саясий күчтөрдүн аракети катары баалайт. Анткени парламенттик шайлоонун жакындашы менен өз упайын топтоого аракети активдешкенин айтып буларга токтолду.

Мен Кытайга каршы өтүп жаткан митингдерди 2020-жылда боло турган шайлоого карата даярдык деп эсептейм. Ошондуктан бул жерде чоң саясат бар. Байкасаңар, Кытайга каршы маалыматтык чабуул эбак эле башталган. Өзгөчө социалдык тармактарда көбөйгөн.    

Эскерте кетсек, 7-январда да 300дөй киши чогулуп, кытай жарандарына каршы нааразылыктарын билдиришкен эле.

Буга чейин Кыргызстанда кен чалгындаган, кен казган кытайлык компаниялар, инвесторлор менен жергиликтүү тургундар тил табышпаган, чатакташкан учурлар көп болгон.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 400гө жакын кытай ишканасы бар, ал эми биргелешкен ишканалардын саны 177.

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM