Биз менен байланышыңыз

Ипотекалык насыя жеке сектордо иштегендерге бериле баштады

Экономика | 16 Янв 2019 | 791 | 0

Мамлекеттик ипотекалык насыя жеке сектордо иштеген жарандарга бериле баштады. Бул тууралуу ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев журналисттерге кабарлады.

-Албетте ипотекалык насыянын пайыздары жогору. Бирок айла жок алууга туура келип жатпайбы. Анткени банкка барсак, алардыкы 22 пайыздан жогору болуп жатат. Ошондуктан аларга караганда жакшы эле. Эгер 10 пайызга түшкөн болсо, ыңгайлуу болот. Үч бөлмөлүү батирдин баасы 40 миң доллар болду.   

Бул жеке сектордо иштеген Ишенбек Конушбаев. Ал 2018-жылдын соңунда жеке компанияларда иштеп мамлекеттик ипотекалык насыяны алган биринчи кардар. Жалпы суммасы 1,5 миллионду түзгөн  3 бөлмөлүү батирдин ээси болду. Бүгүнкү күнү насыясын 14 пайыз менен төлөй баштады. Учурда үйдүн 50 пайыз каражатын дароо төгүп бергенден кийин айына 20 миң сомдон берип келет. Бул жаш үй-бүлө үчүн оңой эмес. Бирок банктар көрсөткөн пайыздарга караганда арзан дейт.

Былтыр жеке жактарда иштеп мамлекеттик ипотекалык насыяны алууну каалаган 40  адам өз арызын калтырган. Бирок анын ичинен 32 жарандын  тизмесин ипотекалык компания банктарга өткөрүп берген. Анын ичинен 3 арызды банктар жактырган.

Бул насыялар ипотекалык баалуу кагаздарды сатуу жол аркылуу ишке ашып жатканын Ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев айтты. Былтыркы жылы жалпысынан 200 млн сомго баалуу кагаз чыккан.

-200 млн сомдук баалуу кагаздан 8 млн сом акча түштү. Камсыздандыруу уюмдар алышты. 2018-жылдын аягында башталышы болуп, жеке сектордо иштеген бир жараныбызга үй алып бердик. Буюрса ушул каражаттар кайрадан башка жарандарыбыздын турак-жай алуусуна жумшалат. Албетте мамлекеттик эмес кызматтарда иштегендерге пайыздар жогору. Жылдык үстөгү 14% 15 жылга берилип жатат.

Эми быйылкы жылга да 300-500 млн сомго чейин баалуу кагазды чыгаруу пландалып жатат. Эгер инвестор тараптан кызыгуу болсо, мамлекетте иштебей туруп, турак-жайларды алууга шарт түзүлмөкчү.

Инвесторлор менен биринчи келишимдерге кол коюлду. Немец өнүктүрүү банкы менен 11 млн евролук келишим түзүлдү.  Буга кошумча Азия өнүктүрүү банкынан 30 млн евро келмекчи.

Анткен менен дагы да болсо, мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге артыкчылыктар берилмекчи. Буга чейин үстөгү 7 пайыз менен берилип келген насыя быйыл 6 пайызга түшөт. Мындай маалымат Президент Сооронбай Жээнбеков  Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеевди кабыл алгандан кийин белгилүү болду.

Ал эми бюджеттик ссудадан түшкөн акчаны мамлекеттик кызматкерлерге 7 пайыз менен берип жатабыз. Бирок учурда биз дагы эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса 2019-жылдын ноябрь айларында насыянын жылдык үстөгүн 6 пайызга түшүрөбүз. Президент Сооронбай Шариповичтин талабы дагы ушундай болуп жатат. Ал үчүн дүйнөлүк проктикада колдонулган

Турак-жай алам дегендердин катары дагы деле болсо көп. Учурда кезекте тургандардын саны 3,5 миңди түзөт. Аларды толук турак-жай менен камсыз кылууга компаниянын чамасы жетпейт. Себеби бюджеттен быйыл дагы 500 млн сом гана бөлүнүп берди. Ошодо 1,5-2 млрд сомдун тегерегиндеги суммага гана каржыланат.

Бирок насыянын жылдык үстөк пайызы түшүп жатканы жарандар үчүн орду чоң экенин былтыр батирдүү болгон Алия Сакиева айтты.

Бир пайыз түшсө да бизге пайдасын гана берет. Антени насыя алган кардар үчүн ар бир тыйындын дагы орду чоң. Бирок насыяны төлөөгө жолдошум экөөбүздүн маянабыз жетпейт. Албетте ата-энебиз көмөк көрсөтүп жатышат. Ошондуктан кубанып отурам. Себеби бул бизге дагы тийиштиги бар. Ошондо айына 500 сомдун тегерегинде төмөндөп калат.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында сатыкка чыга турган көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери башталганы турат. Бул жаатта курулуш компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Шамкеев белгиледи. Мында мамлекеттик кызматта иштеп төлөй ала тургандай эконом класстагы үйлөрдү курулат. Бирок курулуш компаниялар эч кандай сунуш келип түшпөгөнүн айтууда. Эгер буюрма түшсө кайсы гана компания болбосун курууга даяр экенин ЖИА Бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Нарбек Абдуллаев айтты. 

Мамлекет эгер бизге ушундай турак-үйлөрдү куруп бергиле десе, биз буюртманы алууга даярбыз. Бирок баасын такташып алышыбыз керек. Болбосо маселе жаралышы мүмкүн. Анткен менен баасын төмөн түшүрүп батирлерди курса болот. Бул мэрия тараптан берилген жер, коммуналдык кызматтар арзандоосу керек.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 4миң жаранга 4 млрд сомго насыя берилген.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM