Биз менен байланышыңыз

Петр Чех карьерасын жыйынтыктайт

Кыска кабар , Спорт | 16 Янв 2019 | 686 | 0

«Арсенал» футболдук клубунун дарбазачысы Петр Чех сезон бүтөрү менен карьерасын жыйынтыктайт.

Бул туурасында ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган.

«Профессионал футболчу катары бул менин жыйырманчы сезонум, 20 жыл мурда биринчи келишимге кол койгом. АПЛдеги 15 жыл ичинде мүмкүн болгон трофейлердин баарын уттум, каалаганымдын баарына жетиштим. Алдыдагы убакта «Арсеналдын» курамында дагы бир трофей утканга болгон күчүмдү жумшайм»,-деп жазган Чех.
Бул сезондо» Арсенал» үчун 12 оюн өткөрүп, 12 топту дарбазасына откөрүп жиберген.

36-жаштагы Петр Чех «Рен»,» Челси» жана»Арсенал» клубдары үчүн ойноп,Англия чемпионатын, Англиянын супер кубогун жана Чемпиондор лигасын утууга жетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM